Депутат: "Бишкекте күн сайын 30-40 өспүрүм насыбайдан ууланып ооруканага кайрылат"

"Бишкекте күн сайын насыбайдан ууланган 30-40 өспүрүм ооруканага кайрылып жатышат". Бул маалыматты Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Талантбек Өмүрбеков бүгүн, 6-июнда шаардык кеңештин сессиясында билдирди. “Көчөнүн ар кайсы жерлеринде ээн-эркин сатылып жаткан насыбайды мектеп окуучулары кеңири колдонушууда. Бул кичинекей баштыкчадагы зат 5-10 сомдон сатылат. Ал өтө ылдам таасир берет. Бул каражат жеңил баңгизат түрүнө кирет”,- дейт ал. Ошондой эле шаардык кеңештин жыйынында депутаттар компьютердик жана оюн клубдарынын ишин калыптандыруу жана жашы жете элек өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерин сатууга тыюу салуу үчүн мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Жогорку Кеңешке кат жөнөтүү чечимин кабыл алышты.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан