ЖЫЛНААМА, 20-ЯНВАРЬ: "Атам 28 жашка толгон күнү мен төрөлгөм, үй-бүлөдө бул күнгө чоң маани беребиз" дейт Аскат Мусабеков

Салттуу музыкага басым жасап, бир катар ырларды ийине жеткире аткарган ырчы Аскат Мусабеков бүгүн, 20-январда 33 жашка толду. "Атамдын туулган күнүнө Жаратканым белек кылып мени жараткан күн" деген ырчы мырза жеке майрамын бул жолу чыгармачылыкта, дегеле жашоодо катышып жүргөн дос-туугандары менен белгилей турганын билдирди.

"Мен балачактан бери эле бул күнгө жакшы маани берип, белгилеп келебиз. Атамдын достору, менин досторум келип көпчүлүктүн курчоосунда жакшы тилектер айтылып өтчү. Ата-энем азыр айылда, мен алардан алыстагандан бери шартка жараша кээде чогуу, кээде өзүнчө тособуз. Атам 28 жашында төрөлгөн уулумун. Азыркы учурда айылда бир туугандарым атамды куттуктап отурушат. Мен болсо борбор шаарыбызда жакындарым менен өткөрөм", - дейт Мусабеков.

Ошондой эле ал бул жылга карата чыгармачылык жаатында койгон пландары менен бөлүшүп өттү. Айтымында, январь айы ал үчүн ыр жаздырып, чыгармачылыкта аткарылчу иштерди тизмектеп, иреттеп алууга жакшы убакыт.

"Андан кийин март айында Бишкек шаарында жеке концертимди берсем деген тилегим бар. Май айынан баштап өлкөнүн аймактарын кыдырып, калкка ыр сунабыз деген ниеттемин. Буюрса, бул жылы да чыгармачылыктын үстүнөн иштейм", - деп кошумчалады ал.

Аскат Мусабеков Ат-Башынын Ак-Моюн деген айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө 1985-жылы туулган. Беш бир туугандын ортончусу. Анын аткаруусундагы "Аруузатым", "Сүйүү дастаны", "Жамила", "Шириним", "Кара кыз" жана башка ырлар, дастандар элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. Мусабековдун аткаруусундагы "Аруузатым" чыгармасы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ыры" деп табылган.

Мусабеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси, эл аралык бир канча сынактардын жеңүүчүсү, "Алтын Шаты" президенттик сыйлыгынын ээси. 2 баланын атасы.

20-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nevestkaa
2018-01-20 21:02:54
Интернетте көркөм айтканы мага өлллө жакты.Өмүрүңүз узун болсун бактылуу балпайган абышка болуңуз э.
+3
Kanykei_95
2018-01-21 13:37:26
келинчеги м.н таанышканбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан