“Инвесторлор келип, "өкмөт кайсы мөөнөткө чейин иштейт" деп сурап жатышат. Өкмөткө убакыт жана жардам бергиле”,- деди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев парламенттин 6-июндагы жыйынында. Айтымында, бир айдан бери өкмөт толук курамы менен Жогорку Кеңеште жүрөт. “Комитеттерге келбей калсак, жыйын болбой калып жатат. Мындан ким утту? Талап коюш оңой, иштеш керек да. Кайсы убакта иштейбиз? Ушул жерде отуруп алып, кайсы маселени чече алмак элек? Өкмөт мүчөлөрүн жер-жерлерге жибериш керек. Бул жерде жалгыз мен тууралуу эмес, толук өкмөт тууралуу сөз болушу керек”,- деди өкмөт башчы.