Асылбек Жээнбеков Баткен облусунан келген тургундар менен жолугушту

Төрага Асылбек Жээнбеков 6-июнда Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан Таш-Тумшук, Ак-Сай, Орто-Боз айылдарынын өкүлдөрүн кабыл алды. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, баткендиктер тезинен чечүүнү талап кылган чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштардын бир катар көйгөйлүү маселелерин айтты. Төрага алар көтөргөн маселелерди чечүү үчүн өкмөт менен бирдикте шашылыш чаралар көрүлө тургандыгын баса белгиледи. Жолугушуунун катышуучулары социалдык маселелерди чечүү зарылчылыгын, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жүрүмүн тездетүү, өлкөнүн чек ара аймактарындагы чыр-чатактардын алдын алуу максатында автономдуу жолдорду куруу маселелерин белгиледи.

Ошондой эле алар социалдык тармактын кызматкерлери тарабынан алыскы айылдардын тургундарынын укуктары басмырланып жатканын жана ал тармакта коррупциялык схемалардын бар экенин айтуу менен, Баткен облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүү механизмдерин жакшыртуу зарылчылыгына көңүл бурууну өтүнүштү. Асылбек Жээнбеков айтылган маселелердин баары көңүл сыртында калбай турганын, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелерге тапшырмалар берилерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан