Алмамбет Шыкмаматовдун жактоочусу соттон отурумду видеого тартууга уруксат берүүсүн өтүндү, сот ал өтүнүчтү канааттандырган жок

Бүгүн, 23-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Шыкмаматовдун жактоочусу Чынара Жакупбекова сот отурумун видеого жана сүрөткө тартууга журналисттерге уруксат берүүсүн өтүндү. Бирок сот жактоочунун өтүнүчүн карап аны канааттандырган жок. Видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салып, диктофондорду гана колдонууга уруксат берди.

Белгилей кетсек, депутат Алмамбет Шыкмаматов Биринчи Май райондук сотунун чыгарган өкүмүнө каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Анын билдиришинче, Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.

19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BoyUlanboy
2018-01-23 12:07:18
Эмне дешти да билбей калдым. Сот дагы Шыкмаматовду соттогусу келет ошондуктан уруксат бербейт. Таза сот болсо уруксат берип эл алдында чечим чыгармак
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан