Бүгүн, 19-декабрда Биринчи Май райондук сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовго 5 миллион сом айып салынды. Мындай чечимди ишти карап жаткан сот Айбек Эрнис уулу бүгүнкү отурумда кабыл алды. Соттун чечимине ылайык, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев 10 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Ал эми тендерди уткан компаниянын жетекчиси Али Юксел кылмыш жазасынын мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду.
13-декабрда өткөн соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовго коюлуп жаткан айыптарга өзүнүн аргументтерин келтирип, аягында Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялап, сот залынан камакка алууну соттон сураган.
Мындан тышкары аны менен кошо айыпталып жаткан Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевди 9 жылга жана тендерди уткан компаниянын жетекчиси Али Юкселди 8 жылга эркинен ажыратууну жана алардын да мүлктөрүн конфискациялоону өтүнгөн.
Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.