Бүгүн, 23-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралууда. Отурумдун жүрүшүн унааларды сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү болгон Төлөгөн Чормонов көрсөтмө берүү үчүн отурумга келди. Бирок айыпталуучулардын бири Жусуп Иманалиев күбөгө бере турган суроолору бар экенин, бирок даяр эмес экенин айтып аны башка күнү суракка алууну өтүндү. Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, отурумду 25-январда улантуу чечимин чыгарды.
Белгилей кетсек, депутат Алмамбет Шыкмаматов Биринчи Май райондук сотунун чыгарган өкүмүнө каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Анын билдиришинче, Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.
19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.