Бишкек-Ош жолунда Чычкан суусуна кулаган бензовоз боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек-Ош жолунда Чычкан суусуна кулаган бензовоз боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда бул окуя боюнча 281-берене ( Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду. Ал эми сууда жаткан күйүүчү май ташыган унаа да суудан чыгарылып, унааларды токтотуучу жайга жеткирилди, учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, 20-январь күнү Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа сууга түшүп кетип бир адам каза болуп эки адам жаракат алган. Андан сырткары аталган унаадагы күйүүчү майдын бир бөлүгү сууга төгүлүп, балыктар кырылып жатканы тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aibekabdullaev90
2018-01-23 19:03:04
Суунун акысы сууга кетиптир да!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан