Чычканда сууга кулаган бензовоздон төгүлгөн күйүүчү майдан улам балыктар өлүп жатат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, сууга төгүлгөн бензинден бир эле балык чарбасынан 2 тоннадай балык өлгөн.
"Учурда Чычкан капчыгайынан Токтогул суу сактагычына чейин бир эле балык чарбасы бар. Биздин кызматкерлер барып азырынча өздөрү көрүп текшере элек, бирок ал балык чарбасынын ээсинин айтуусуна караганда 2 тоннадай балык өлгөн. Бул бир эле балык чарбасынан, ал эми Чычкан суусундагы, Токтогул суу сактагычындагы балыктар, андан сырткары суудагы жаныбарлардын канчасына зыян келди азырынча белгисиз", - деп билдиришти мекемеден.
Айта кетсек, буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан Чычкан капчыгайында сууга кулаган бензовоздогу 30 тоннадай бензиндин канча бир бөлүгү сууга төгүлгөнүн билдиришкен болчу.