Камчыбек Ташиев: "Мен эч качан ийилип бербейм, мага демектен 15 жылга камасаңар да"

“Биз сиздердин сот ишин алып барууңуздарга нааразыбыз, бул процесс саясий негизде болуп жатканы билинип турат. Баарыбыз айыпталганбыз, бирок бир эле өкүм менен Кубат Азатович (Кубатбек Кожоналиев) акталып, биз жоопко тартылдык. Бул мыйзамсыз. Ошондуктан урматтуу судья, азыр ишти токтотуңуз. Мыйзамсыз экенин билдириңиз. Менин жанымда жаткан бала "террорчу" деп айыпталып камалыптыр, анын сот иши күн сайын болот, а биздики 14 күндө бир жолу өтүүдө”,- деди депутат Камчыбек Ташиев 7-июндагы соттук жыйында. Айта кетсек, бүгүн Бишкек шаардык сотунда “ата журтчу” 3 депутат боюнча соттук отурум өтүп жатат. Камчыбек Ташиев эгер бүгүн сот иши токтотулбаса, анда КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев сот ишине келип катышуусу керектигин айтты. “Мен күнөөсүз эле камакта жатам, а бул телеканал менин сүрөттөрүмдү чыгарып алып жалган жалаа жаап жатат. Мен эч качан ийилип бербейм, мага демектен мени 10-15 жылга чейин камакка алгыла”,- деди Ташиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан