Ала-Бука районунун акимине козголгон кылмыш иши боюнча материалдар сотко жөнөтүлдү

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөө бөлүмү Ала-Бука районунун акимине карата козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иштерин аяктап, материалдарды сотко жиберди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Аталган райондун акими Атантай Рыскулов жана райадминистрациянын башкы эсепчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2012-жылы айлык акыга деп республикалык бюджеттен бөлүнгөн 146 миң сомду өз кызыкчылыктарына пайдаланышкан. Мындан сырткары райадминистрациядагы иштебеген эле унаа үчүн күйүүчү май алууга жана ал унаанын айдоочусуна айлык деп 59647 миң сомду бөлүп алганы айтылган. Иш сотто каралуу алдында турат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан