Айылчы Сарыбаев, профессор: "Кумтөр" боюнча алгач Кыргызстандын соту чечим чыгарышы керек"

“Кумтөр” боюнча эл аралык сотко кайрылуудан мурда алгач өзүбүздүн сот ким күнөөлүү экендигин чечиш керек”,- деди 7-июнда Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо профессор Айылчы Сарыбаев. Айтымында, 1992-жылы “Кумтөр” боюнча келишим түзүлгөндө эле Кыргызстандын кызыкчылыгы экинчи орунда калып калган. “Таң кала турган эч нерсе жок, себеби ар ким бизнес кылганда өзүнүн кызыкчылыгын ойлойт. Мамлекет болсо ошону мыйзамга жараша көзөмөлгө алып туруусу керек. А биздин мамлекет тескерисинче инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоп жатат. “Кумтөрдүн” механизмдерин толугу менен карап кайра чечиш керек”,- деди Сарыбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан