Президент Алмазбек Атамбаев “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамга бүгүн, 7-июнда кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-апрелде кабыл алган. Ал Кыргызстандын аймагында идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин алуу жана мамлекеттик отчётун жүргүзүү үчүн жаныбарларды идентификациялоонун мыйзамдык негизин белгилөө максатын көздөйт. Аталган мыйзам ири мүйүздүү мал баккан тараптар үчүн 2014-жылдын 1-апрелинен, жылкы баккан тараптар үчүн 2015-жылдын 1-апрелинен, кой-эчки баккан тараптар үчүн 2016-жылдын 1-апрелинен иштеп баштайт. Ал эми канаттуу, аары баккан тараптар үчүн бул мыйзам 2017-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. Мыйзам күчүнө кирсе, ар бир малдын өзүнө тиешелүү документи жана эн белгиси (бирка) болот.