Бүгүн, 25-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Учурда сот залында айыпталуучулар тарабынан чакыртылган күбөлөрдүн бири, 2011-жылы Эсептөө палатасынын сатып алуулар боюнча бөлүмүнүн кызматкери Айнура Романова көрсөтмө берүүдө. Ал өз сөзүндө Эсептөө палатасынын аудиторлоруна унаа сатып алуу боюнча тендер мыйзам чегинде өткөнүн белгиледи.
"Тендер жарыяланып, жыйынтыгында түзүлгөн комиссия "Барат Люкс" ишканасы утуп чыкканын жарыялады. Баары мыйзам чегинде өткөн. Утуп чыккан компаниянын документтери талаптарга ылайык каралган", - деп айтты Романова.
Белгилей кетсек, депутат Алмамбет Шыкмаматов Биринчи Май райондук сотунун чыгарган өкүмүнө каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Анын билдиришинче, Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.
19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.