“Президент өкмөттү таркатып, 1 айдын ичинде жаңы өкмөт түзүү керек”,- деди 7-июнь күнү Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков. Айтымында, мамлекетти бийлик эмес, жаңы адамдар өзгөртө алат. “Шайлоо тууралуу жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгышы зарыл. Мурунку аткаминерлердин бийликке келүүсүнө жол бербөө керек. Премьер-министрдин ишин президент көзөмөлгө алып, парламент мыйзам долбоорун ишке ашыруу менен алектенгени оң”,- деди ал.