Шыкмаматовдун сотунда күбө Мерседес Бенц Е320 унаасын 14 миң долларга сатканын айтты

Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соттук иши уланууда. Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда тендер аркылуу сатып алынган Мерседес Бенц Е320 унаасынын ээси Айбек Айдаров күбө катары көрсөтмө берди. Айдаров унаасын Эсептөө палатасына 17 миң долларга баалап, бирок 14 миң долларга сатканын айтты.

"Исрафил Муратов деген шеригим менен унааны базарга алып чыгып, 17 миң долларга баалаганбыз. Бирок Эсептөө палатасынын кызматкерлери менен соодалашып 14 миң долларга сатканбыз. Унаа жакшы абалда болгон. Ошол учурда андай унаалар 13 миңден 17 миң долларга чейин бааланып жаткан. Биз келишимге кол коюп, өз акчабызды кассадан алып кетип калганбыз", - деди Айдаров.

Айдаров суроолорго жооп берип жатып унаасын айдаган Шыкмаматовду биринчи ирет көрүп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, депутат Алмамбет Шыкмаматов Биринчи Май райондук сотунун чыгарган өкүмүнө каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Анын билдиришинче, Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.

19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.

Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталган. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Attila88
2018-01-25 19:56:02
Аша инщалаа Аллахым ыйык.Аллахым улук.сенин да жооп береер кунун келеер.8баев сага да тиешелууу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан