Шыкмаматов: "Максатыбыз сапаттуу машина алуу болгон. Кааласак бөлүнгөн 4 миллион сомго 5 эмес, 1 эле унаа алып койсок болмок"

Депутат Алмамбет Шыкмаматов Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан соттук ишинде Эсептөө палатасынын аудиторлоруна кызматтык унаа сатып алууга бөлүнгөн 4 миллион сомго сапаттуу машина сатып алуу керек болгонун белгиледи. Анын айтымында, 4 миллион сомго 5 аудиторго 5 унаа эмес, 1 гана унаа сатып алып койсо болмок.

"Бюджеттен унаа сатып алууга 4 миллион сом бөлүнгөн. Биз бир канча ирет талкуулап, негизгиси сапаттуу машина алуубуз керектигин чечкенбиз. Ошол учурда унааларды текшерип жатып, бир унаанын рулу оң тарабынан сол тарабына которулуп калганын байкап, алуудан баш тартканбыз. Кийин анын ордуна башканы сатып алганбыз. Биз өтө кымбат унааны сатып алууну кааласак, бөлүнгөн акчага 5 эмес, 1 унаа сатып алып койсок болмок. Бирок биз андай кылган жокпуз", - деди Шыкмаматов.

Шыкмаматов аталган палатанын аудитору болгону менен, мекемелердеги каржылык текшерүүлөргө катышпаганын кошумчалады.

"Мен кызматка киришип жатып палатанын төрагасына текшерүүлөргө катышпай эле коёюн, юрист болгондуктан текшере албайм, Жогорку Кеңештин жана башка жыйындарга эле катышайын дегем. Бир ирет "Эркин-Тоо" гезитин текшерүүгө катышкам, башка эч бир жерди текшерген жокмун", - деди ал.

Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталган. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Депутат Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Анын билдиришинче, Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.

19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан