Бүгүн, 7-июнда саат 16:00дө Бишкек шаардык №7-орто мектептин базасында кичи футболдук аянтча ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ленин райондук администрациясынын демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ачылып жаткан кичи футболдук аянтчасын курууга 1 600 000 сом каражат жумшалган. Жаңы футболдук талаада “Иштерман” жылынын алкагында Ленин райондук спартакиадасынын ачылышы, шаар мэринин Кубогунун мелдештери өткөрүлөт.