Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соттук иши боюнча Бишкек шаардык сотто Эсептөө палатасынын 2011-жылдагы аудиторлорунун айдоочулары күбө катары суралышты. Алардын бири Мырзабек Эсеналиев берген көрсөтмөсүндө унаалар жакшы сапатта болгонун айтты.
"Эсептөө палатасы сатып алган Мерседес Бенц Е320 унаалары 2002-жылы чыгарылган. Жакшы сапатта болгондуктан биз бир жылдан ашык убакыт оңдобой эле айдап жүрдүк", - деди Эсеналиев.
Андан кийинки күбө да Эсептөө палатасында жалпы 11 жыл айдоочу болуп иштегенин айтып, 2011-жылы сатып алынган 5 унаа тең жакшы абалда болгонун белгиледи. "Ага чейин эски унаалар менен жүрдүк. 5 унаа келгенден кийин биз аларды айдап калдык. Жеке мен айдаган унаа жакшы сапатта болгондуктан айрым тетиктерин гана алмаштырбасам, 1 жылдан ашык убакыт оңдобой эле айдап жүрдүм. Башка унаалар деле сыртынан караганда жакшы абалда болгон", - деди күбө.
Белгилүү болгондой, унааларды сатып алууда унаа ээлери менен бир жылдык кепилдик келишимине кол коюлган.
Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталган. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Депутат Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Анын билдиришинче, Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.
19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.