Бүгүн, 25-январда Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча сот отуруму улантылды. Сот залына Эсептөө палатасында мурда айдоочу болуп иштеген эки адам чакыртылып, көрсөтмө беришти. Алар 2011-жылы аудиторлорго деп тендер аркылуу сатып алынган унаалардын сапаты боюнча айтып беришти. Алардан кийин бүгүнкү отурумга чакыртылган күбөлөр келбей калгандыктан соттук коллегиянын төрагасы айыпталуучуларды сурамакчы болду. Бирок айыпталуучулар жооп берүүгө даяр эмес болгондуктан даярданууга убакыт сурашты.
Соттук жамааттын төрагасы кийинки отурумду 30-январга белгилеп, чакыртылган күбөлөр сотко келбей калчу болсо айыпталуучулар сурала турганын айтты.
Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталган. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Депутат Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Анын билдиришинче, Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.
19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.