Ош шаарындагы "Келечек" балдардын чыгармачылык борборунун күйүп кеткен чатырын оңдоо иштери июнь айынын аягында бүтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Калыбына келтирүү иштерине 1 миллион 500 миңдей акча жумшалат.
Айта кетсек, борбордун имаратынан 24-апрелде өрт чыгып, чатырынын 70 пайызы күйүп кеткен. Ал жерде 19 ийрим иштеп, шаардагы мектептерден 1400 окуучу катышат.