Камчыбек Ташиев тарапташтарын Ош-Бишкек жолун тоспоого чакырды
Айыпталуучу депутат Камчыбек Ташиев 7-июндагы соттук отурумда тарапташтарын Ош-Бишкек жолун тоспоого чакырды. "Мен чөгөлөп соттон кечирим сурап бошотууну суранбайм, бирок Кыргызстандын элинен нааразычылык акцияларын токтотууну жана Ош-Бишкек жолун тоспоону суранам"деди ал. Айта кетсек, бүгүн Бишкек шаардык сотунда "ата журтчу" 3 депутат боюнча кезектеги сот жыйыны өтүп жатат.