Президент Алмазбек Атамбаев каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 7-июнда президент Алмазбек Атамбаев каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Өлкө башчы социалдык тармакта эмгектенгендердин айлык акысын өз убагында каржылоо жана инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу маанилүү экендигин баса белгиледи. Ошондой эле каржы министрине мамлекет башчы өлкөдө стабилдүүлүктү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарын зарыл каражат менен камсыз кылуу тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан