“Кыргызстанда 3-революциянын болушуна парламентте отурган ОБОНчулар себепкер болушу мүмкүн. Депутаттардын айынан өлкөдө адилеттүүлүк ишке ашпай жатат”,- дейт депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Азимбек Бекназаров . Ал мындай сөздү “ата журтчу” 3 депутат боюнча өтүп жаткан соттук отурумда айтты. Ал билдиргендей, парламент чечкиндүү кадамдарга бара албай жатат.
Бүгүн, 7-июнда Бишкек шаардык сотунда Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралууда.