Бишкектеги “Ала-Тоо” окуу борборунда аскердик окутуу болуп өттү

Бүгүн, 7-июнда Коргоо министрлигинин алдындагы "Ала-Тоо" окутуу борборунда аскерлерге жана аскер кызматкерлерине атайын окуу жүргүзүлдү. Анда өлкөнүнүн түндүк аймагындагы аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн тандалма аскерлер машыгуудан өтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө алгач "Кой-Таш" тоо аткычтар бөлүгү тоого ок атуу боюнча тажрыйбаларын көрсөтүштү. Андан соң аскер бөлүктөрүнүн химиялык байкоо жүргүзүүчү адистеринин тандалма курамы бул багытта практикалык окутуудан өтүштү. Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан мындай окутуулар жыл сайын болуп турат. “Окутуунун негизги максаты аскерлер өзгөчө кырдаал маалында кандай ылдам чара көрсө болорун үйрөтүү”,- дейт Панфилов девизиясынын командири Артур Темиров.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан