13-июнда Бишкекте академик Жаныбек Жээнбаевдин мемориалдык тактасы ачылат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиянын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара саат 13:00дө башталып, Чүй көчөсү-162 дарегинен орун алат. Ушул эле күнү Улуттук илимдер академиясында атайын жыйын болуп, анда Жээнбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө даярдалган даректүү тасма көрсөтүлөт, окумуштуу жөнүндө эскерүүлөрү менен кесиптештери, достору, шакирттери жана туугандары бөлүшөт. Белгилей кетсек, академик Жээнбаев Жаныбек 1931-жылы Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылында туулган. Физика-математика илимдеринин доктору, профессор. Ал 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинен 20 ойлоп табуунун, 6 монографиянын автору.