Бүгүн, 7-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы жеңил өнөр жай кызматкерлерин 12-июнь - кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй:
“Урматтуу жеңил өнөр жайынын иштермандары! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Кыргызстандын жеңил өнөр жайы биздин сыймыгыбыз жана өлкөбүздү өнүктүрүүгө зор салым кошууда. Тармактын шарапаты менен жыл сайын миңдеген жумуш орундары ачылып, өлкөбүздүн экспорттук мүмкүнчүлүгү өсүүдө.
“Кыргызстанда жасалган” деген белгиси бар тигилүү кийимдер өзүнүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө жараша жаңы рынокторго чыгып, жыл сайын ага карата суроо-талап өсүп жатат. Акыркы 7 жылдын ичинде тигилген кийимдердин экспорту 6 эседен ашуун өстү. Мындай көрсөткүчтөр Кыргызстанда кийим тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттардын жыйынтыгы болуп калды.
Албетте, көп иш жасалды, бирок ушуну менен токтоп калганга болбойт. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияга ылайык, Өкмөт Кыргызстанда текстиль-тигүү өндүрүшү үчүн технополис түзүү боюнча иш жүргүзүүдө. “Кыргызстанда жасалган” деген белги өлкөбүздү тааныткан жана тигилүү кийимдердин жогорку сапатынын мыкты көрсөткүчү болуп калышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек.
Жеңил өнөр жайынын бардык кызматкерлерине чың ден соолук, ишине ийгилик жана бакыт-таалай каалайм! Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп, өнүгө берсин!"