"Ош базарындагы" өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат бүгүн эртең менен саат 9:48 чамасында келип түшкөн. Өрт болгон жерде жалпы 12 өрт өчүрүүчү машина иштеди.
"Тилсиз жоо саат 12:28де чектөөгө алынды. Өрттөн улам болжол менен 3,5 миң чарчы метр жер күйүп кетти. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз. Тиешелүү адистер иштеп жатышат", - деп билдиришти ӨКМдан.