Бишкектеги "Ош базарында" өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты интернет колдонуучулар жеке баракчаларына жазууда. Айрымдар кырсыктан кыскача видео да көрсөтүүдө.
Видеодон имараттардын биринен коюу, кара түтүндүн чыгып жатканын жана бийикке чыккан жалынды көрүүгө болот. Өрт тууралуу маалымат ӨКМга саат 9:48де келип түшкөн. Кырсык болгон жерге 5 унаа менен өрт өчүрүүчүлөр келген.
Өрт "Ош базарынын" борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан.
Жалын жакын жайгашкан соода орундарына да өтүп жатканы айтылууда. Тургундар жалын каптаган жерлер жарылып кетүүсүнөн кооптонууда. Милиция кызматкерлери жарандарды анын жанынан өтүүсүнө тыюу салууда. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча кырсык орун алган жай "Сейтек" кичи базары деп аталган. Өрт башталган кезде базар ачыла элек болгон.
SUPER.KG порталы алдыда абалды тактап, жеринен сиздерге маалыматтарды жеткирет.