Сот. Жабырлануучу милиция кызматкерлери "ата журтчу 3 депутатка дооматыбыз жок" деп чыгышты

Бүгүн, 7-июнда Бишкек шаардык сотунда "ата журтчу" 3 депутат боюнча соттук отурум уланууда. Анда бардык жабырлануучу милиционерлер "айыпталуучуларга дооматыбыз жок" деп, аларга коюлуп жаткан айыптоолорду колдошпой тургандыгын айтышты. Алар айыпталуучу депутаттарга да, алардын жан сакчыларына да дооматы жок экендиктерин билдиришти. "Аянттагы окуядан кийин прокуратура кызматкерлери бизден түшүнүк кат алышып, биз медициналык каттоого турдук. Андан кийин жабырлануучу деген макам алдык. Мен өзүмдү жабырлануучу деп эсептебейм жана айыпталуучуларга эч кандай дооматым жок",- деди милиция кызматкерлеринин бири.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан