Кечээ, 29-январда Орусиядагы белгилүү футболчу Дмитрий Тарасов менен модель Анастасия Костенко заманбап үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, үлпөт той Орусиядагы белгилүү мейманканалардын биринде орун алган. Ага эки жаштын жакын туугандары жана жоро-жолдоштору менен бирге 200гө жакын адам келген. Тойду белгилүү ырчы Николай Басков менен алып баруучу Виктория Лопырева алып барышкан. Түгөйлөрдү куттуктап "Сестры Зайцевы" дуэти, Бьянка, Светлана Лобода, Мот өзүнүн жубайы Мария Мельникова менен, рэпер T-killah жана башкалар келишкен.
Эске салсак, буга чейин Тарасов сүйүктүүсүнүн колун Мальдив аралдарынан сураганын, андан соң экөө расмий түрдө никелешкенин жазганбыз.