"Ош базарындагы" өрт толугу менен өчүрүлдү

"Ош базарындагы" өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт саат 18:29да толук өчүрүлгөн.

Айта кетсек, өрт кырсыгы тууралуу маалымат бүгүн эртең менен саат 9:48 чамасында келип түшкөн. Өрт болгон жерде жалпы 12 өрт өчүрүүчү машина иштеди.

Тилсиз жоо саат 12:28де чектөөгө алынган. Өрттөн улам болжол менен 3,5 миң чарчы метр жер күйүп кетти. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз. Тиешелүү адистер иштеп жатышат.



Бишкектеги "Ош базарында" өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nishantashmativa
2018-01-30 21:31:42
Кудайы озу сактасын мындай орттон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан