Ысык-Көл. Учурда облуста коомдук-саясий абал туруктуу

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда учурда коомдук-саясий абал туруктуу. "Кумтөр" ишканасы кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу аталган компаниянын туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер маалымат жыйында билдирген. Ал эми өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Токон Мамытовдун билдирүүсүнө ылайык, жергиликтүү жашоочулардын  коюлган талаптары акырындык менен аткарыла баштады. Жакында Бишкектен флюрограмма аппаратты алынып келинип, жалпы Жети-Өгүз районунун жашоочулары толук медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт. Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 27-майда "Кумтөр" ишканасы боюнча нааразычылык митинги башталап, ал бир катар баш аламандыктар менен коштолгон. Митинг учурунда экономика министри Темир Сариев, вице-премьер-министр Шамиль Атаханов чогулгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 1-июнда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин келип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү менен аяктаган ал митингдер. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан