Кыргызстандын тышкы карызы 1-майга карата 142 миллиард 787 миллион 181 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу Кыргызстандын тышкы карызы 20 миллиард 528 миллион 795 миң сомго же 16,7 пайызга көбөйгөн. 2012-жылдын 1-майында тышкы карыз 122 миллиард 258 миллион 386 миң сом болчу.