Нарын облусунда “Хизбут-Тахрир” уюмунун лидерлеринин бири жана аталган уюмдун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кармалган жарандар жергиликтүү калк арасында уюмдун идеялары боюнча окутууларды жүргүзүп келишкен. Алар: уюмдун лидерлеринин бири, 1974-жылы туулган Э.Ш. жана топтун мүчөлөрү 1991-жылы туулган С.Ш., 1990-жылы туулган Н.М. аттуу жарандар болушкан. Иликтөөнүн жыйынтыгында Э.Ш. аттуу жарандан диний-экстремисттик багыттагы тыюу салынган китеп жана дисктер алынган. 5-июнь күнү окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.