"2014-жылы “Тамчы” аэропорту учактардын бардык түрүн кабыл ала баштайт". Бул тууралуу Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. “Биз туристтер үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Ошондой эле бул тармактагы биринчи тапшырма - “Тамчы” аэропортун бүтүрүү. Аэропорттун курулушун ушул жылдын аягына бүтүрүү планыбызда бар. Кийинки жылы учактардын бардык түрүн кабыл ала баштайт. Азыр болсо чартердик каттамдарды гана кабыл алууда”,- деди өкмөт башчы.