"Судьялар кеңеши “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу чечимин чыгарган Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматовдун жоопкерчилигин кароодо". Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева билдирди. Айтымында, аталган окуяга байланыштуу 2 токтомдун болушун Эрматов токтомдун көчүрмөсүн тамгаларды кичирейтип чыгарылгандыгы менен түшүндүргөн. “Көчүрүү убагында акыркы абзац түшүп калган. Бирок Эрматов билдиргендей, андан токтомдун мааниси өзгөргөн эмес. Биз бардык материалдарды чогултуп, судьялар кеңешине жөнөттүк. Тиешелүү чаралар сөзсүз түрдө көрүлөт”,- деди Жамашева.