Ошто энеси депкир менен эсинен тангыча сабаган 2 жаш 8 айлык баланын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, балага тиешелүү медициналык экспертизалар жүргүзүлгөн.
"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 5-6 күндөн кийин чыгат. Буга чейин баланын энесине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Эгер баласы анын токмогунан ушундай абалга түшкөнү аныкталса ага карата оор беренелер менен иш козголот", - деди маалымат катчы.
Ошондой эле келин өзүн А.Д. деп тааныштырып жатканын, бирок анын аты-жөнүн тактаган документтерин эч ким алып келип бербегендигин кошумчалады.
"Буга чейин ал аялдын сойкулук менен алектенгендиги айтылган. Ал эми келин өзү бул маалыматты четке кагууда. Бирок эч жерде иштебей турганын айтып жатат. Айрым ыкчам маалыматтар боюнча, ал сойкулук менен алектениши мүмкүн. Бирок так айтууга азырынча далилдер жетишсиз", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну Ошко эжесинин үйүнө келип, өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын депкир менен эсинен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк өздүк булактар анын сойкулук менен алектениши мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер эсин жоготуп ооруканага түшкөн наристенин абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун айтышкан. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аял баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан.