Ошто баласын депкир менен эстен тангыча сабаган эне наристени никесиз төрөгөндүгү айтылууда

Ошто 3 жаштагы баласын депкир менен эстен тангыча сабаган эне наристени никесиз төрөшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Берилген маалыматка ылайык, баланы алып апасы 3 күн мурун Кара-Кулжа районунан Ош шаарына эжесинин үйүнө келген. Окуя эжесинин үйүндө болгон.

"Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Баланы сабап жатканда жанында башка адамдар болгонбу же болгон эмеспи азырынча белгисиз. Баланын абалы оор бойдон калууда", - дейт маалымат катчы.

Ошондой эле өздүк булактардын билдирүүсүнө ылайык, баласын сабаган 23 жаштагы А.Д. аттуу келин сойкулук менен алектенип жүргөн.

Буга чейин Ош шаарында энеси тарабынан катуу сабалган бала комага түшүп, Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
gulum90
2018-02-05 12:15:00
Капкир

+4
Elnuram090
2018-02-05 12:19:36
депкир деп кайсы жактагылап айтышат экен
+3
zhykyo
2018-02-05 12:20:59
Elnuram090,Депкир деп Кыргыздар эле айтышат
+13
grace
2018-02-05 12:19:54
Бул биздин трагедия.
+2
admin_superstan
2018-02-05 12:20:37
tynchy, бирөөнүн дарегине карата далилсиз маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
+1
Hurem
2018-02-05 13:27:31
Депкир бул боорсок жасаган буюм болуш керек
0
guli-1980
2018-02-05 13:40:52
Hurem,тамак жасаганда аралаштырат го кыргызча депкир дейт
+7
vangolu
2018-02-05 13:49:15
Нукура кыргыздар депкир дейт.калганынарды билбейм.капкур озбекче.
+4
raykray
2018-02-05 14:04:07
Соз депкир-капкурда эмес, тушунбогон созунорду башка жактан издеп-таап окугула, бизде-мисалы депкирди дагы-башкача айтат,чындыгында жерлигине-карап создор аталыштар-озгорулгон. Кантип эмне кылып жатканын билбей калат?! Балага боорум ачыды, акмак энеси жазасын алсын!!! Никесиз торолсо,сойкулук мн алектенсе жокпу контрольдогон?! Эжеси бар экенлего
+3
vavilon.
2018-02-05 14:26:19
Боорсок бышырчуу нерсени Ошто чавли дейт, депкирди капкүр дейт. Капкүр бул тамак кууруп бышырып жатканда аралаштырчуу жалпайган 30-50см сабы бар буюм. Адабий китептерде депкир деп окучумун
+4
Asel1Aikol
2018-02-05 14:48:03
Кандай мерез энесин
+1
admin_superstan
2018-02-05 15:00:36
vavilon., этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Povetkin
2018-02-05 15:06:52
Малда ХХХХ
0
Riki87kg90
2018-02-05 17:29:49
Озун депкир менен сабап корсо акмак мындайларды камаш керек.
0
abon
2018-02-05 20:57:11
ошо нерсе м.н озун урса экен
0
jasi
2018-02-05 21:15:26
Байкуш наристеде не куноо?!
Бироого зар дуйно, бироого кор дуйно деген ушул экенда.
(((
0
aerforce
2018-02-06 00:57:48
ушул кепкир менен депкир деп болунуп жарылган кыргызым ошол келинден айрманар жок бул жерде наристенин сабалганы адам акылына сыйбаган иш болуп жатса кайдагы тундук туштукту айтып озунорчо кырылып жатасынар эне эмей тиги айбанды окуп давлениям 240ка которулуп жатат ар бирибизге ыйман нысап берсинчи кудайым мындай ишти айбанда жасабайт айбанда баласын коргойт баландын никеси жогу балан кунолуу эмес айбан озун кунолуусун нике нике эместин эмнесин тушуносун мал
мага берчи керек эмес болсо779
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан