Жантөрө Сатыбалдиев "шайлоодон утуп келгиле да, азыркы өкмөт кетирип жаткан кемчиликтерди оңдогула" деди
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев телеканалдардын бириндеги түз эфир учурунда Кыргызстандагы саясатчыларды шайлоого катышып, андан утуп чыккандан кийин өкмөттүн курамында иштеп шайлоочуларга берген убадаларын аткарууга чакырды. "2 жылдан кийин жергиликтүү жана борбордук бийлик органдарына шайлоолор башталат. Ага катышкыла жана жеңишке жетишкиле. Андан кийин азыркы өкмөттүн кемчиликтерин оңдогонго мүмкүнчүлүк аласыңар",- деди Сатыбалдиев. Өкмөт башчы өлкөдөгү саясатчылар Кыргызстанды өнүктүрүшү керектигин белгиледи.