Режиссёр Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы Швецияда көрсөтүлөт

Режиссёр Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы Швецияда көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына тасманын продюсери Чолпон Идирисова билдирди.

Маалыматка ылайык, "Киноман" тасмасы Швецияда өтө турчу эл аралык балдар жана жаштар киносунун фестивалынын алкагында көрүүчүлөргө тартууланат.

Аталган фестиваль Европалык балдар кинематографиясы ассоциациясынын мүчөсү болуп эсептелет. Фестиваль Швециянын Мальмё шаарында 19-24-мартка чейин уланат.

"Киноман" тасмасы Аскар Нуракун уулунун алгачкы эмгеги болуп саналат. Тасмада кино көрөйүн деген аракети ишке ашпай калган баланын окуясы чагылдырылган. Кино көрүүгө кирбей калган кичинекей кино сүйүүчү тааныш болгон тасмалардын үнүн угуп гана тим болот. Бирок киного болгон кызыгуусу күч болгон бала аягында каалаган максатына жетет.

Айта кетсек, "Киноман" тасмасы Польшада өткөн кинофестивалда Ардак диплом менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kojo1995
2018-02-06 21:08:23
Дагы дагы кыргызды жапайы кылып дүйнө элине тааныта бергиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан