Режиссёр Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы Польшада өткөн кинофестивалда ийгилик жаратты

Режиссёр Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы Польшада өткөн кинофестивалда ардак диплом менен сыйланды. Бул тууралуу тасманын жаратуучулары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Польшанын Краков шаарында өткөн Etiuda&Anima студенттик тасмалардын Эл аралык кинофестивалында Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы "Киного болгон сүйүүнү сөз жок чагылдырып берген эң мыкты окуя" деген калыстар тобунун ардактуу дипломуна ээ болгон.

Бул тасма режиссёрдун эң алгачкы эмгеги болуп саналат. Тасмада кино көрөйүн деген аракети ишке ашпай калган баланын окуясы чагылдырылган. Кино көрүүгө кирбей калган кичинекей кино сүйүүчү тааныш болгон тасмалардын үнүн угуп гана тим болот. Бирок киного болгон кызыгуусу күч болгон бала аягында каалаган максатына жетет.

Айта кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн жаш кино жаратуучуларынын "Үмүт" кинофестивалында "Киноман" тасмасы Гран-при сыйлыгына ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tynybek1989
2018-01-09 07:18:36
Ооо молодцы.кооп кооп ийгиликтерди жарата бер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан