Президент Алмазбек Атамбаев жана Бишкектеги кеңешменин катышуучулары 2010-жылдагы Июнь окуясынын курмандыктарын эскерди

Бүгүн, 10-июнда президент Алмазбек Атамбаев Эл биримдигин жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча кеңешмени ачып жатып, 2010-жылдагы июнь окуяларынын курмандыктарынын элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерүүнү сунуштады. Мамлекет башчы Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда болуп өткөн кайгылуу окуяларды эстегенде бүгүн да ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздаарын белгиледи. Тамырлары бир, тили дээрлик бир жана ишеними бир элдер кара өзгөйлүк менен кылдат даярдалган бузуку ойлордун барымтасы болушту. Жаңжал чыгып, бейкүнөө адамдар курман болушту. Бирок мындан ары өлкөбүздө мындай каргашалуу окуялар кайталанбашы керек, - деди Алмазбек Атамбаев. Эске салсак, бүгүн 2010-жылдын июнунда Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда болуп өткөн, жүздөгөн кыргызстандыктардын өмүрүн алып кеткен кайгылуу окуяларга 3 жыл толду. Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандардын коомдук бирикмелери бул күнү Кыргызстан элинин биримдигин камсыз кылууга багытталган жана ошондой эле курман болгондордун элесине жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүгө арналган иш чараларды өткөрүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан