“Мыйзамсыз кылмыш иши козголгон. Анткени башкы прокурордун орун басарын президент гана дайындай алат. А бирок Нурлан Жээналиевди мыйзамсыз түрдө эле Аида Салянова өзүнүн милдетин аткаруучу кылып алган. Мындан сырткары митинг күнү менин жанымда жана менин жандоочуларымда эч кандай курал-жарак болгон эмес. Нурлан Жээналиевдин козгогон иши туура эмес. Жээналиев бул кылган ишиңиз үчүн кайсы бир күнү жооп бересиз”,- деди айыпталуучу депутат Камчыбек Ташиев. Анын мындай билдирүүсүнө башкы прокурордун мурдагы биринчи орун басары Нурлан Жээналиев баардыгына даяр экенин айтты.