Кышкы XXIII Олимпиада оюндарынын башталышына бир күн калды. Бул мелдешке катыша турган спортчулар Олимпиада оюндары өтө турган жерге жайгашып, аба ырайына көнүшүүдө. SUPER.KG порталы Кышкы Олимпиада оюндары өтө турган Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаары тууралуу кызыктуу маалыматтардын топтомун назарыңыздарга тартуулайт.
Пйоңчаң
Кышкы Олимпиада оюндары өтө турган Пйоңчаң шаары Канвондо провинциясында жайгашкан. Ал Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан. Пйоңчаңдын калкы 44 миң гана адамды түзгөнү менен, бул шаарда 35 миң адам бата турган олимпиадалык стадион курулган.
Климат
Пйоңчаңдын климаты континенталдык. Кыш мезгилинде абанын орточо температурасы -6 градусту түзсө, жайында абанын температурасы 24 градустун тегерегинде ысык болот. Мындай көрсөткүчтөргө карабай, Пйоңчаң шаары Түштүк Кореядагы эң суук аймак болуп эсептелет.
Олимпиаданы өткөрүүгө даярдык
Пйоңчаң буга чейин Кышкы Олимпиаданы өткөрүүгө 2 жолу талапкер болгон. 2010-жылы Кышкы Олимпиаданы өткөрүүгө аттанган Пйоңчаң Канаданын Ванкувер шаарына 3 добуш айырмачылык менен жеңилип калган. Ал эми 2014-жылы өткөрүүгө аракет жасап, Орусиянын Сочи шаарына 4 добуш айырмачылык менен жеңилген. 2011-жылы эл аралык олимпиадалык комитети 123-жыйынында Пйоңчаң шаарын Кышкы XXIII Олимпиада оюндарынын борбору болот деп шайлаган. Мында Пйоңчаң Олимпиаданы өткөрүүгө аттанган Германияны 38 добуш айырмачылык менен жеңип алган.
Түштүк Корея Азия аймагында Кышкы Олимпиаданы өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алган экинчи өлкө болуп саналат. Буга чейин Азия аймагында Кышкы Олимпиада оюндары 2 гана жолу өткөрүлгөн. Мындай мүмкүнчүлүктү Япония колдонгон, ал Кышкы Олимпиаданы 1972-жылы Саппоро шаарында өткөрсө, 1998-жылы Нагано шаарында өткөргөн.
Олимпиада оюндарын өткөрүүгө чыгашалар
Түштүк Корея Кышкы XXIII Олимпиада оюндарын өткөрүүгө 9 миллиард доллар жумшаган. Анын ичине жаңы спорттук 6 майданды куруу жана дагы 6 спорттук майданды жаңылоо, ошондой эле аймактын инфраструктурасын жогорулатуу кирген. Эң көп каражат чапчыган чыгым - бул жаңы ылдамдыкта жүргөн темир жолун салуу болуп саналат. Ага Кореянын өкмөтү 4 миллиард доллар сарптаган.
Спорттук иш-чаралар өтүүчү аймактар
Пйоңчаңдагы Олимпиада эки кластерде өтөт. Алар тоолуу кластер - Пйоңчаңда жана суу жээгиндеги кластер Каннын шаарында өтөт. Тоолуу кластерде лыжа, биатлон, бобслей, чана спорту жана скелетон боюнча мелдештер өтөт. Суу жээгиндеги кластерде хоккей, коньки менен чуркоо, шорт-трек жана кёрлинг боюнча мелдештер өткөрүлөт.
Олимпиада оту
Олимпиада отунун эстафетасы салттуу түрдө Грецияда 2017-жылдын 24-октябрында старт алды. Олимпиадалык отту алгач грециялык лыжачы Апостолос Ангелис кармаган. Андан кийин эстафетаны "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун жана Түштүк Корея курама командасынын мурунку футболчусу Пак Жи Сун кабыл алды. 2017-жылдын 1-ноябрында Олимпиада оту Түштүк Кореяга жеткирилген. Бул өлкөдө эми Олимпиада оту 2018 чакырым жолду басып өтүп, Кореянын 17 шаарын жана бир катар провинцияларын кыдырат. Олимпиада отунун эстафетасы эртең, 9-февралда Олимпиаданын ачылышында аяктайт.
Олимпиадалык имараттар
Мелдештин ачылыш жана жабылыш аземи 35 миң көрүүчүгө ылайыкташкан Пйоңчаң олимпиадалык стадионунда орун алат. Бул стадион беш бурчтук түрүндө салынып, Альпенсия тоо-лыжа курортунан 2 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кореянын өкмөтү чыгымды азайтуу максатында стадиондорду убактылуу кылып салышкан. Олимпиада бүткөн соң стадиондун бир бурчу соода борборуна айланат.
Мелдеш өтө турган спорттук объектилер:
"Каннын" кёрлинг борбору;
"Каннын" хоккей борбору;
"Каннын" муз аренасы;
"Альпенсия" трамплинден секирүү комплекси;
"Альпенсия" чана жана бобслей борбору;
"Альпенсия" биатлон борбору;
"Альпенсия" лыжа борбору.
Квандон университетинин спорттук аренасы;
"Чонсон" тоо-лыжа борбору;
"Ёнпхён" тоо-лыжа борбору;
Айта кетсек, Кышкы Олимпиада оюндары Кореянын Пйоңчаң шаарында 9-февралдан 25-февралга чейин өтөт. Анда 92 мамлекеттен 2 жарым миңден ашуун спортчу 102 медалдар топтому үчүн күч сынашат.
Кыргыз өлкөсү бул мелдеште 2 спортчу менен көрсөтүлөт. Тариэл Жаркымбаев классикалык кыска аралыктагы лыжа менен жарышка чыкса, Евгений Тимофеев гигант слалом жана слалом түрүндө күч сынашат. Тариэл Жаркымбаев 13-февралда лыжа менен жарышуу боюнча мелдеште катышса, Евгений Тимофеев 18-февралда жана 22-февралда слалом жана гигант слалом мелдешине катышат.