Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунда Өзбекстан курама командасы жарым финалга өттү.
Азия чемпиондугунун чейрек финалында Өзбекстан курама командасы Вьетнам менен кез келди. Анда 1 саат созулган беттештин жыйынтыгында Өзбекстан курамасы 3:1 эсебинде жеңишке жетип жарым финалга өттү.
Өзбек футзалчылары менен бирге жарым финалга Иран, Ирак жана Япония командалары өттү.
Чейрек финалдык бөлүктө Иран курама командасы Таиланд менен кез келген, анда Иран футзалчылары 9 гол киргизсе, Таиланд курамасы 1 гол менен гана жооп бере алган.
Ирак курамасы чейрек финалда Ливан менен кез келген. Беттештин негизги убактысында жеңүүчү аныкталбай, пенальтилер сериясы орун алган. Анын жыйынтыгында Ирак курамасы 9:8 эсебинде жеңүүчү болду.
Япония курама командасы чейрек финалда Бахрейн курамасына туш келген. Беттештин жыйынтыгында Япония курама командасы 2:0 эсеби менен жарым финалга аттанды.
Эске салсак, Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугунун тайпалык баскычында алгач Ливан курамасы менен кез келип, 2:2 эсеби менен жыйынтыктаган. 2-беттеште Кыргыз футзалчылар Иордания менен ойноп, 3:1 эсебинде утуп алган. Тайпалык баскычтагы чечүүчү беттеште Кыргыз спортчулары Таиланд менен беттешип, 1:8 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.