Футзал боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз курама командасы Таиланд курамасына 1:8 эсебинде жеңилип калды

Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунун тайпалык баскычынын алкагындагы Кыргыз курама командасы менен Таиланд курамасынын беттешинин башталышына саналуу мүнөттөр калды.

Бул беттеш Кыргыз футзалчыларын кийинки этапка өтөрүн же өтпөсүн чечет. Мында Кыргыз курамасы тайпадан чыгууга жана чейрек финалдык баскычта ойноого аракет кылат. Азыркы тапта Кыргыз курама командасы жана Ливан курама командасы өз эсебинде бирден жеңиш жана 1 беттешти тең эсепте жыйынтыктап, 4төн упайга ээ болуп тайпада 1-орунду талашып келүүдө. Ал эми тайпада 3-орунду Таиланд курамасы ээлесе, Иордания курама командасы упайсыз 4-орунда жайгашкан.

Айта кетсек, Кыргыз курама командасы буга чейин Таиланд курамасы менен 7 жолу беттешкен. Анда Кыргыз спортчулары 1 жолу жеңишке жетсе, Таиланддын спортчулары 6 жолу жеңишке жеткен.

16:20 Командалар оюн алдындагы машыгууга чыгышты. Белгилүү болгондой, Кыргыз курамасы ак түстөгү формачан ойнойт.

16:30 Кыргыз курама командасынан беттешке алгачкы мүнөттөрдөн чыккан 5 спортчу белгилүү болду. Алар дарбазачы Кирилл Ермолов, коргоочулар Эмил Канетов (капитан) жана Юлдашбай Салимбаев, чабуулчулар Максат Алимов жана Улан Байгазы уулу.

16:55 Командалар талаанын үстүнө чыгууда, Кыргыз курамасы ак түстөгү формачан болсо, Таиланд курамасы көк түстөгү формачан ойнойт.

16:58 Командалардын гимни жаңырып, беттеш башталарына бир нече мүнөт калды.

17:00 Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш башталды. Топту алгач Кыргыз курамасы оюнга кошту.

17:01 Таиланд курамасы биринчи болуп кооптуу абал жаратты. Таиланддык футзалчынын соккусун Кирилл Ермолов тосуп алды.

17:02 Таиланддык футзалчылар азырынча биздин курамага караганда активдүү болуп жатат. Таиланддык спортчунун алыстан узаткан соккусу дарбазадан бир метр алыстыкта өтүп кетти.

17:04 Эсеп саны ачылды. Таиланддык футзалчылар чабуулга чыгып, Тхеанбанг Супхагуд эсепти 0:1 кылды.

17:05 Кыргыз командасы чабуулга чыгууга аракет көрдү. Анда Юлдашбай Салимбаевдин соккусу таамай болбой, топ дарбазадан алыс өттү.

17:06 Таиланддыктар Максат Алимовду жыгып, Кыргыз спортчулар айып сокку узатканга мүмкүнчүлүк алышты.

17:08 Кыргыз курамасы атаандашынын бөлүгүндө топту жоготуп, таиланддыктарга контр-чабуулга чыкканга мүмкүнчүлүк берди.

17:09 Контр-чабуулга чыккан таиланддык чабуулчуга сокку узатууга жол бербей, Кирилл Ермолов топту тартып алды.

17:10 Кирилл Ермолов кайрадан мыкты оюн көрсөтүүдө. Таиланддык спортчунун алыстан узатылган соккусуна секирип жетип тосуп алды.

17:12 Кыргыз спортчулардын чабуулга көздөгөн аракеттери ишке ашпай, таиланддыктарга улам топту алдырып жатат.

17:13 Таиланддыктар топту бурчтан кошууга мүмкүнчүлүк алышты. Кыргыз спортчулар атаандашына сокку узатууга мүмкүнчүлүк бербей, топту дарбазадан алыс чыгарып салышты.

17:15 Эмил Каниетов атаандашын чалып, оюн эрежесин бузууда, таиланддыктар топту чукул ойнотуп чабуулга чыгууга аракет көрүүдө.

17:17 Таиланддыктардын чабуулун токтоткон Байгазы Улан уулу командасына контр-чабуул уюштурууга жол берди. Контр-чабуул ийгиликсиз жыйынтыкталып, Кыргыз спортчулар топту жоготту.

17:19 Беттештин бүтөрүнө 8 мүнөт калды, учурда Таиланддын спортчулары өздөрүн мыкты деңгээлде көрсөтүүдө.

17:20 Таиланддын спортчулары топту бурчтан кошту, анда алардын чабуулчусу топко биринчи жетип, сокку узатканга мүмкүнчүлүк алды. Бирок ал таамай болбой, топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

17:23 Кыргыз курамасы уламдан улам гол киргизүүгө аракеттенүүдө, бирок Таиланддын футзалчылары мыкты коргонуп, биздин футзалчыларга мүмкүнчүлүк бербей жатат.

17:26 Манас Абдрасул уулу алыстан сокку узатты. Бирок ал таамай болбой, топ дарбазанын жанынан өтүп кетти. Кыргыздардын аракети жыйынтыксыз болуп жатат. Кыргыз футзалчылар таиланддыктардын коргоосунан өтө албай, чабуулду токтотуп коюуда.

17:31 Гол! Таиланддын чабуулчусу Жангражанг Чават биздин коргоочуларды алдап өтүп, Кирилл Ермоловдун дарбазасына гол киргизди. Эсеп 0:2. Таиланддыктар тез арада кайрадан чабуулга чыгып, эсепти 0:3 кылганга жетишти. Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу Амиржан Муканов тайм-аут алды. Өзүнүн шакирттерине насааттарын айтып, тактикалык өзгөрүүлөрдү киргизүүгө даярданып жатат.

17:35 Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аягына келди.

17:51 2-тайм башталды. Таиланддык спортчулар топту оюнга кошуп, чабуулга чыкканга аракет көрдү. Чабуулду жыйынтыктай албай топту жоготуп алышты. Кыргыз футзалчылар өз бөлүгүндө топту ойнотуп, дарбазачыга пас берген. Анда Кирилл Ермолов топту көпкө кармап коюп эрежени бузууга үлгүрдү. Айып соккуну аткарган таиланддыктар таамай болуп эсепти 0:4 кылды.

17:56 Кыргыз оюнчулар алдастап калышты, бир топ ката кетиришти. Атаандашын жыгыткан Актай Таштанов сары айып кагазына туш болду. Таиланддыктар кайрадан чабуулда. Көрүүчүлөрдүн арасында Кыргыз курамасын колдогондор да бар. Алардын "Кыргыздар, алга" деген кыйкырыктары жаңырууда.

18:00 Таиланддык футзалчылар Кыргыздардын бөлүгүндө бири-бири менен пасташып, соккуларды жасоодо. Кирилл Ермолов мыкты оюн көрсөтүп, соккуларды кайтарууда. Юлдашбай Салимбаев атаандашынын айып бөлүгүндө сокку узатууга үлгүрдү. Сокку күчтүү болбой, атаандашынын дарбазачысы топту оңой эле тосуп алды.

18:04 Таиланддык футзалчыны жыгылтканы үчүн Юлдашбай Салимбаев сары айып кагазына ээ болду. Таиланддык футзалчылар пенальти тепкенге мүмкүнчүлүк алды. Таиланддык чабуулчунун узаткан соккусу дарбазанын кашаасына тийип, Кыргыз спортчулар топту алыска тээп салышты.

18:07 Эсеп 0:5ге айланды. Кыргыз коргоочуларды алдап өткөн Мадилан Матавют таамай сокку менен гол киргизди. Таиланддык футзалчылар кайрадан пенальти тепкенге мүмкүнчүлүк алышты. Аны Тхеанбанг Супхагуд мыкты аткарып, эсепти 0:6 кылды. Кыргыз спортчулардын эреже бузганынан улам таиланддык спортчулар кайрадан пенальти тепкенге мүмкүнчүлүк алууда. Тхеанбанг Супхагуддун аткаруусунда узатылган сокку дарбазанын кашаасына тийип, эсеп 0:6 бойдон калды.

18:14 Таиланддык футзалчы Чудеч Жетсаданын алыстан узатылган соккусу менен Кирилл Ермоловго топту тосууга мүмкүнчүлүк калтырбай гол киргизди. Эсеп 0:7 Кыргыз футзалчылар чабуулга чыгып, гол киргизүүгө аракет көрүштү. Жакынкы аралыктан узаткан Максат Алимовдун соккусу таамай болбой калды.

18:19 Кыргыз спортчулары гол киргизди. Юлдашбай Салимбаев атаандашынын дарбазачысын алдап, алыскы бурчка сокку узатып, эсепти 1:7 кылды.

18:23 Оюндун аягына 1 мүнөт калганы менен, беттештин кызыгы уланууда, командалар кайра-кайра чабуулга чыгып, соккуларды узатууда.

18:25 Дарбазада Кирилл Ермоловду алмаштырган Актилек Эсеналиев ката кетирип, топту таиланддык спортчуга алдырып жиберди. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Мадилан Матавют таамай сокку менен эсепти 1:8 кылды.

18:26 Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш аяктады. Муну менен Кыргыз спортчулар чейрек финалдык баскычка чыгууга мүмкүнчүлүгүн жоготту.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
NuradilKazybek
2018-02-06 17:02:33
Алга Кыргызстан
+3
BekAmir
2018-02-06 17:07:15
Ээ жигиттер жакшылап ойногула силерди Алладан тилеп отурабыз
+1
dair_17
2018-02-06 17:39:08
характер корсоткулочу жигиттер
+1
TalaCSKA
2018-02-06 18:17:00
Уже 7 0 нерв жетпей калды дальше коргонго !!!!(((((((
+5
uz.nookat
2018-02-06 18:17:08
7-0
+2
arawan
2018-02-06 18:33:29
озунор уйдо отуруп баатыр боло бербегилечи сонун жыйынтык бир жениш бир тен чыгуу бир порожение кыргызстанда кок борудон кийинки эле жыйынтык корсоткон футзал болуп жатат азамат жигиттер эл оозунда элек жок кээ бирлер суйлой берет
+1
TalaCSKA
2018-02-06 20:04:40
arawan,жигиттер Таиландтан слабо ойногон жок тен эле оюн болду бирок негедир гол биздин эле воротага кирип жатты.
+1
edua
2018-02-06 18:47:17
Эчтеке эмес бул спорт,бунусунда болбосо кийинкисинде болот.женилсе да колдоп тургула кыргыз эли.
+5
Rasul94
2018-02-06 21:21:53
бизде жакшы шарт жок экен футболго.жакшы тренер алып 2жыл узбой машыгуу кылса болуп кетет белее
-1
zhaku2017
2018-02-06 21:50:44
Азаматсынар. Спорт адамды эн туура жолго салат.
+3
rysik79
2018-02-06 23:57:49
Катышып бергенинерге чон рахмат. Таиландды биздин эрежесиз эр мушташка чыккан балдарга же Валентина карындашка эле айткыла жунун тытып коёт. Футболду маракканага келгиле ойнойбуз)))
0
topi
2018-02-07 00:35:44
Aziya chempionatyga En kop kaltirbay katiship kele jatkan 5 komandanin biri eken bir da jolu finalga chikpaptyr. Menin oyumcha gimn irdalganda kolun kokuroguno koyup irdap komandaga jan dilin bergen trener kelse finalga chyga tyrgan potensialy bar komanda bizdin kurama
0
admin_superstan
2018-02-07 10:27:11
omke.85, Nursultan.92, Kojo1995, бирөөнү мазактоого тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан