Абакта ачкачылык кармап жаткан оппозициялык саясатчылар Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровдун абалдары оор. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда SUPER.KG порталына Кубанычбек Кадыровдун жактоочусу Марс Кыдыкбаев билдирди.
"Алардын ачкачылык жарыялашканына 10 күндөй болуп калды, мынча убакыт ачкачылык кармаган адамдардын абалдары, албетте, оор болот да. Кечээ, 8-февралда абакка барып ал-абалдары менен таанышып келдим. Бектур Асановго жолуга алган жокмун, бирок анын абалы өтө оор экенин айтышты. Алардын ден соолугун дарыгерлер көзөмөлдөп, дары-дармектерди берип жатышыптыр. 3 саясатчы 17-февралга чейин Абдил Сегизбаев кызматтан кетпесе, дарыгерлер берип жаткан дары-дармектерден да баш тартабыз деп жатышат", - дейт жактоочу.
Ал эми Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын ал-абалдары жакшы экенин, аларды дарыгерлер көзөмөлдөп жатканын кабарлашты.
Буга чейин 30-январда жогоруда аты аталган жарандар ачкачылык жарыялашкан. Мындан улам алар УКМКнын тергөө абагынан №47-колонияга которулган.
Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан.
Айта кетсек, 2016-жылы март айында оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде кармалышкан.