Продюсер Жилл Мессиктин жакындары анын өлүмүнө продюсер Харви Вайнштейн менен актриса Роуз Макгоуэнди айыпташууда

Голливуд продюсери Жилл Мессик 50 жашында көз жумду. Чет элдик маалымат булактарынын жазып чыкканына таянсак, ал 7-февралда өз жанын кыйган. Продюсердин жакындары анын өзүнө кол салуусуна белгилүү продюсер Харви Вайнштейн менен актриса Роуз Макгоуэнди айыптап чыгышкан.

Маалым болгондой, актриса Макгоуэн 1997-жылы Мессик анын менеджери болуп эмгектенип турган мезгилде, Сандэнсте өткөн кинофестиваль учурунда ага Вайнштейн менен жолугушуу уюштуруп бергенин жана ошол учурда ал Вайнштейн тарабынан сексуалдык зордук-зомбулук көргөнүн коомчулукка жарыялаган. Ошондой эле ал аталган окуя боюнча Жилл Мессике билдиргенин, бирок ал Вайнштейнден бул окуя тууралуу эч кимге айтпоо үчүн акча алганын кошумчалаган.

Мессиктин туугандарынын билдиргенине таянсак, көп жылдан бери депрессия менен күрөшүп жаткан Мессик үчүн өзүнүн дарегине мындай айыптоолорду угуу өтө оор болгон жана ошол себептен ал өзүнө кол салган.

Белгилей кетсек, бир канча айлардан бери Голливуддун белгилүү жылдыздары продюсер Вайнштейнди актрисаларга карата ар кандай сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөн деп айыпташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nevestkaa
2018-02-09 22:06:26
Булар туш келди жатып кете берчи эле го кандай эле жанын кыйып калсын башка себеби бардыр мүмкүн бангизат пайдалангандыр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан