Бүгүн, 11-февралда Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунда Өзбекстан курама командасы 3-орунду багындырды.
Аталган мелдештин 3-орунга үчүн болгон беттешинде Өзбекстан курама командасы Ирак менен кез келди. Анда эсеп санын Өзбекстан курама командасы 2-мүнөттө Даврон Чориевдин голу менен ачты. Буга Ирак курама командасы 14-мүнөттө Заид Алинин голу менен жооп кайтарды.
2-таймдын алгачкы мүнөтүндө Ирак курамасынын оюнчусу Валид Халид эсеп санын 2:1 кылса, 2 мүнөттөн кийин Салим Файсал эсепти 3:1 кылып командасын алдыга чыгарды. Буга өзбек футзалчылары 25-мүнөттө Артур Юнусовдун жана 27-мүнөттө Илимжон Хамроевдин голу менен жооп берди. Беттештин 34-мүнөтүндө ирактык футзалчылар эсепти 4:3 кылып кайра алдыга чыкса, оюндун акыркы мүнөтүндө өзбек футзалчылар эсепти 4:4 кылганга үлгүрдү.
Муну менен оюндун негизги убактысы 4:4 эсеби менен аяктап, командалар пенальти сериясын аткармай болду. Анын жыйынтыгында 2:3 эсеби менен Өзбек курама командасы жеңишке жетип, Азия чемпиондугунда 3-орунду камсыз кылды.
Азия чемпиондугунун финалдык беттеши, бүгүн, 11-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө старт алмакчы. Финалдык таймашта Япония курама командасы менен Иран курама командасы кездешет.
Айта кетсек, Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугунун тайпалык баскычында алгач Ливан курамасы менен кез келип, 2:2 эсеби менен жыйынтыктаган. 2-беттеште Кыргыз футзалчылар Иордания менен ойноп, 3:1 эсебинде утуп алган. Тайпалык баскычтагы чечүүчү беттеште Кыргыз спортчулары Таиланд менен беттешип, 1:8 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.